Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы отурумунда “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы талкууга алынса деген сунушту парламент депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытов киргизүүдө. Бул демилгеси тууралуу депутат “Азаттыкка” өзү билдирди.
Токон Мамытов бул тасманын Кыргызстанда жайылып кетпешин Жогорку Кеңеш күч түзүмдөрү менен чогуу көзөмөлгө алууга тийиш деп эсептейт.
Өткөн жумада АКШда жеке адамдар тарабынан чыгарылган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы мусулман коомчулугунда нааразылык жаратып, адам өлүмү менен коштолгон толкундоолорго алып келген. Орусиянын Башкы прокуратурасы бул тасманы көрсөтүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыкты. (ZKo)