“Ар-намыс” фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына жаңы талапкер көрсөтөт. Фракция лидери Феликс Куловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жаңы талапкер – “Ак шам” саясий партиясынын төрагасы, коомчулукта Нарындын экс-губернатору Өмүрбек Субаналиевдин жардамчысы катары таанымал – Эрлан Сапарбаев. Куловдун айтуусунда ал үч айдын ичинде Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияны бузууга милдеттендирилди.
Эрлан Сапарбаевдин талапкерлиги алгач фракциянын жыйынында талкууланып, андан кийин коалициялык өкмөттүн кароосуна коюлат. “Ар-намыс” фракциясы буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына Мирбек Бөрүбашевдин талапкерлигин сунуштаган. Бирок бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, фракция сунушун кайра чакыртып алган. (ZKo)