Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

1-ноябрдан тарта аз өлчөмдөгү пенсия көбөйтүлөт


Бул тууралуу кечээ Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Бирок өкмөт башчы пенсия канча пайызга көбөйөрү тууралуу маалымат берген жок. Жантөрө Сатыбалдиев социалдык төлөмдөрдүн баары убактысынан кечиктирилбей берилерин, эгер зарылчылык болсо акимдер менен министрлердин айлык акылары кыскартыларын убада кылды.

Кыргызстанда эң аз өлчөмдөгү пенсия эки миң сом, ал эми эң көп өлчөмдөгүсү – жүз миң сом. (ZKo)

XS
SM
MD
LG