Бүгүн Бишкекте өтө турган курултайда спорт коомчулугу бийлик өкүлдөрү менен бирге топтолгон көйгөйлөрүн талкуулап, ортого салууну көздөөдө. Жыйындын күн тартибинде спортту каржылоо, дени сак жашоо идеологиясы жана Кыргызстандагы спорттун бүгүнкү абалы тууралуу маселелер каралат. Ошондой эле курултайда Улуттук олимпиадалык комитеттин маалыматы угулат. Уюштуруучулардын белгилешинче, кыргыз спортундагы кризис акыркы Лондон олимпиадасында ачык көрүндү. (ZKo)