Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү адам өлтүрдү деген шек менен эл аралык издөөдө жүргөн түрк жаранын Бишкектен кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлайт. 1962-жылы туулган Эрхан Арыклы мындан 16 жыл мурда Кипр өлкөсүндө адам өлтүргөн деп айыпталууда. Кыргызстанда ал мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык паспорт менен жашынып жүргөнү аныкталды. (RK)