Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Парламент менен өкмөттүн иши боюнча сурамжылоо жүрдү


"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" уюму эл арасында парламенттин жана жаңы өкмөттүн иши тууралуу пикир кандай экенин билүү максатында социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Жыйынтыгында, сурамжылоого катышкандардын 41 пайызы өкмөттүн жаңы курамы канааттандырбайт деп жооп берген. Ал эми 37 пайызы келерки парламенттик шайлоодо азыр Жогорку Кеңеште отурган фракциялардын бирине да добуш бербей турганын айткан. Сурамжылоо ушул айдын алгачкы эки жумасында, 14 күн бою жүргүзүлгөн. Ага Кыргызстандын баардык аймактарынан 700дөй киши катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG