Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:09

Депутат Жапаровдун кол тийбестиги боюнча комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңеште "Ата-Журт" фракциясынын башчысы Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алып-албоо жана аны кылмыш жообуна тартууга макулдук маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай сунуштама менен депутаттарга Баш прокуратура кайрылган болчу. Убактылуу комиссия Жапаровго карата ошол сунуштама канчалык негиздүү экенин териштирип чыгат.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутаттык комиссиянын курамына ар бир депутаттык фракциядан бирден депутат – Жылдызкан Жолдошова («Ата-Журт»), Нурбек Мурашев «Республика»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»), Дастан Бекешев («Ар-Намыс») жана Абдыманап Кутушев («КСДП») кирди.

Апрел окуясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз өткөрүп алган деген шек менен 14-сентябрда депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков камалган. 17-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровго ошол кылмышка тиешеси бар деп иш козгогон. (RK)

XS
SM
MD
LG