Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Сириядагы кризис бүтүндөй регион үчүн кооптуу


БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими Сириядагы кризис тереңдеп, бүтүндөй регионго кооптонуу жаратышы мүмкүн деп билдирди. "Ал-Жазира" телеканалына курган маегинде чабарман бардык тараптарды жаңжалды жөнгө салуу жолдорун биргелешип издөөгө чакырды. Ошол эле күнү ал Түркия жана Иорданияда баш калкалаган сириялык качкындардын абалы менен таанышып келди. 15-сентябрда болсо ушул айдын башында кызматына киришкен Брахими Сирия президенти Башар Асад менен кездешкен.

XS
SM
MD
LG