Талас облусунда төө буурчактын быйылкы түшүмүнүн жарымынан көбү жыйналып бүттү. Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Мухаммеджан Суранчиевдин "Азаттыкка" айтымында, 19-сентябрга карата 61,1 пайыз жыйналды. Быйыл таластыктар 45 миң 431 гектар жерге төө буурчак айдаган. Жаңы түшүмдүн бир килограммынын баасы 34-35 сомдон болууда.
Жакында эле Казакстан тарап Таластын төө буурчагы экспорттолчу "Маймак" поезд бекетине поезд токтотпоо чечимин чыгарган. Бул төө буурчакты экспорттодо таластык дыйкандар үчүн олуттуу тоскоолдук жаратышы ыктымал экени айтылууда. (MbA/RK)