Франциялык “Шарли эбдо” (Charlie Hebdo) жумалык басылмасы Мухаммед пайгамбарды мазактаган шакаба сүрөттөрдү чыгарды. Анда Мухаммед пайгамбар жылаңач тартылган. Франциянын Тышкы иштер министрлиги карикатуралар мусулман дүйнөсүндө терс реакция жаратышы ыктымал деген чочулоодон улам өлкөнүн дипломатиялык миссияларындагы коопсуздукту күчөтүү буйругун берди. “Шарли эбдонун” Париждеги редакциясы былтыр ноябрда Мухаммед пайгамбардын башка карикатуралары жарыялангандан кийин чабуулга туш болгон.