Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Баш прокуратура "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына чектөө койду


Кыргызстандын Баш прокуратурасы "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын өлкөнүн аймагында интернеттен көрүүгө тыюу салып, чектөө киргизүү тууралуу катын Байланыш агенттигине жолдоду. Тасманын диний кастыкты козутуу мазмуну ага тыюу салууга негиз болгону айтылат.

Кеп болуп жаткан эң начар техникалык сапатта тартылган тасмада Мухаммед пайгамбар мазакталат. Аны АКШ тартты деген демонстранттар өткөн аптада Сирияда жана Йеменде нааразылык акцияларын уюштурган, төрт америкалык дипломатты өлтүргөн. АКШ бул тасмага эч тиешеси жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG