Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Кыргызстанга Орусия президенти келди


Расмий маалыматтар боюнча, бул иш сапары учурунда кыргыз-орус президенттери аскердик, каржылык, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу жана энергетика жаатындагы, бардыгы болуп алты келишимге кол коюшат. Орус президенти Владимир Путин баштаган делегация Кыргызстанга кечээ кечинде келген. Делегациянын курамында Орусиянын тышкы иштер министри, 1-вице-премьер-министр баштаган бир катар министрлер, федералдык бажы жана миграция кызматтарынын башчылары бар. Ошондой эле Путинди коштоп Орусиядагы ири ишканалар: “РусГидро”, «Интер РАО ЕЭС» жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери да келишти. Орус президентинин иш сапары бүгүн кечинде аяктайт.

Өткөн жумада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарында ГЭС каскаддарын куруу, ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу тууралуу 2009-жылы кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу болуп, кийинчерээк токтоп калган. Айрым серепчилер Орусиянын бул демилгесин Борбор Азияда өзүнүн саясий-экономикалык үстөмдүгүн орнотуу максаты катары кабылдашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG