Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Конституциялык палата судьялыгына талапкер тандоо башталат


Сотторду тандоо кеңеши бүгүн Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун биринчи айлампасын өткөрөт. Анда талапкерлердин билими, иш тажрыйбасы, мүлкү, тек-жайы каралат. Кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” айтымында, буга чейин Конституциялык палата мүчөлүгүнө талапкерлигин койгон 35 кишинин үчөө жумушчу топтун элегинен өтпөй калган. Бирөө өз эрки менен талапкерлигин алып салды. Ошону менен Конституциялык палатадагы 9 бош орунга 31 талапкер ат салышууда.

Талапкерлер жалпы үч бөлүктөн турган сынактан өткөндөн кийин президенттин, андан соң парламенттин кароосуна жиберилет. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG