Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар башталды


Кечээ кыргыз мамлекеттик академиялык театрында жергиликтүү өнөрпоздор мамлекеттик тил күнүнө арнап концерт коюшту. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон ишканаларга жана мекемелерге Бишкек шаардык жетекчилиги жана өкмөттүн атынан сыйлыктар тапшырылды.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар бүгүн да өлкөнүн бардык аймактарында уланат. Улуттук илимдер академиясында бүгүн окумуштуулар “Кыргыз тилинин келечеги” деген темадагы тегерек столго чогулушат.

Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу жарлыкка 1989-жылы 23-сентябрда кол коюлган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG