Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Беларус Европанын эки байкоочусуна виза бербей койду


Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму билдирди. Уюмдун айтымында, Беларус Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын германиялык (Marieluise Beck) жана литвалык (Emanuelis Zingeris) эки мүчөсүнө визаны эч түшүндүрбөстөн эле бербей койду.

ЕККУ Беларустун ушул жекшембидеги парламенттик шайлоосуна 300дөй байкоочусун жайгаштырууда. Өлкөнүн башкы оппозициячыл күчтөрү апта башында добуш берүүнү бойкоттоого чакырып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланарын, абакта али саясий айыпкерлер бардыгын жүйөө тарткан.

Эл аралык байкоочулар беларус шайлоолорун такай сындап, адилетсиз жана эркин эмес деген баа берип келишет.

Өлкөнүн саясий системасы президент Александр Лукашенконун бекем көзөмөлүндө турат. ( UE)

XS
SM
MD
LG