Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык Бишкекке алынып келинди


Быйыл май айында Түркиянын Анкара шаарында автокырсыкка кабылып, ошол жакта дарыланып жаткан Кыргызстандын жараны, 30 жаштагы Алыбаева бүгүн Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Алыбаева жол кырсыгында оор жараат алып, эс-учун жоготуп, жасалма дем алдыруу аппаратынын жардамы менен жашап келген. Кийинчерээк абалы жакшырып, азыр өз алдынча дем алып, отура алат.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы аны алып келүүгө учактан бекер орун берди. Бишкектен барган реаниматолог-анестезиолог дарыгердин коштоосунда Алыбаева бүгүн Бишкекке келип, Улуттук госпиталга жатты. (RK)

XS
SM
MD
LG