Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

21-сентябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
21-24-сентябрда Кемин өрөөнүндө, Талас жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 0...2 градус үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул мөмө-жемишти жана казылып алынган, жабылбаган картошканы үшүк алуу коркунучун жаратат.


Аба ырайы
21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, түндүк тарабында 3...8, күндүз 18...23,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 17...22,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 18...23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 13...18,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 13...18,
Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 0...5 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 градус болот.

XS
SM
MD
LG