Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Улуттук университет Мамлекеттик тил күнүн белгиледи


Бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Университеттин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн мамлекеттик тилдеги сабактардын сынагында жеңип чыккан КУУнун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Ректор Искендер Исамидиновдун айтымында, мындай сынактар кийинки окуу жылында мындан да кененирээк форматта өткөрүлүп, сыйлыктардын өлчөмү да көбөйтүлөт. Конфуций институтунун директору Үмүт Култаева сыйлыкка татыктуу болгон окутуучулардын өткөргөн сабактары, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. 23-сентябрь - Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнү. (RK)

XS
SM
MD
LG