Жалал-Абад облусундагы “Кайра жаралуу” деп аталган кыргыз-орус ишканасы токтоп турат. Ал кийим тигүүчү ишкана. Орусиялык тараптын өкүлү Гамал Сооронкуловдун бүгүн "Азаттыктын" кабарчысына айтымында, ишкана 14-сентябрда көз каранды эмес комиссиянын катышуусунда кайрадан ачылганы менен тоскоолдуктар болууда.
Жабдууларды кайтарып берүү чечимин Бишкектеги район аралык сот былтыр октябр айында кабыл алган. Ишкананын убактылуу сырткы башкаруучусу Максат Көчөров “Кайра жаралуу”- Жогорку Cоттун чечими чыкмайынча иштөөгө укуксуз экендигин билдирди.(YA/RK)