Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:48

Тынчтык сыйлыгы Pussy Riot тобуна ыйгарылат


"Битлз" тобунун мүчөсү Жон Леннондун жесири, сүрөтчү Йоко Оно Тынчтык сыйлыгын орусиялык Pussy Riot тобуна ыйгарууну чечти. Леннон-Оно сыйлыгы эртең Нью-Йоркто топтун мүчөлөрүнүн бири Надежда Толоконникованын күйөөсү Петр Верзиловго тапшырылмакчы.

Pussy Riot тобунан тышкары быйылкы сыйлыкка 2003-жылы Газа тилкесинде израилдик булдозердин алдында каза тапкан америкалык активист Рэйчел Кори жана америкалык журналист, маркум Кристофер Хитченс татыктуу деп табылды.

Pussy Riot тобунун 3 ырчысы 17-августта 2 жылга түрмөгө кесилген. Алар Москвадагы чиркөөдө Путинге каршы ыр ырдашкандыгы үчүн айыпталган.

XS
SM
MD
LG