Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

АКШ жана Ооганстан лидерлери аскерлердин коопсуздугун талкуулашты


АКШ жана Ооганстан президенттери видеоконференция өткөрүп, бир топ маселелерди, анын ичинде оогандык аскерлер менен полициячылардын чет өлкөлүк жоокерлерге кол салуу учурларынын көбөйүп жатышын талкуулашты. Барак Обама жана Хамид Карзай андай окуяларды алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин белгилешти.

Жыл башынан бери ошондой кол салуулардан эл аралык контингенттин кеминде 51 жоокери набыт кетти. Лидерлер ошондой эле жаңжалдарга жем таштаган учурларда сабырдуулук менен мамиле кылуу зарылдыгын айтышты. Бир нече күндөн бери АКШда тартылган "Бейкүнөө мусулмандар" деген аталыштагы тасмадан улам мусулман дүйнөсүндө нааразылык тынбай жатат.

Ал аралыкта "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасында тартылган америкалык актриса режиссёрду сотко берди. Синди Ли Гарсия ага фильм тууралуу жалган маалымат беришкенин айтууда. Аны Жакынкы Чыгыштын чөлүндө болгон көңүл ачуучу окуя чагылдырылат деп кызыктырышкан. Иш жүзүндө болсо тасма Мухаммед пайгамбарды мазактайт. Гарсиа сөз болгон фильм жайгаштырылган YouTube сайтын жоопко тартууну, тасманын интернеттен алынып салынышын талап кылды.

XS
SM
MD
LG