Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Швейцария өзбекстандык 4 адамга таандык банк эсептерин токтотуп койду


Швейцариянын Башкы прокуратурасы өзбекстандык 4 адамга таандык банк эсептерин токтотуп койгонун бышыктады. Швейцариянын телерадиокомпаниясы кабарлаганга караганда, алардын бардыгы президент Ислам Каримовго жакын адамдар. Башкы прокуратуранын кеңсеси маалымдагандай, эсептер арам акчаны адалдоо ишин тергөөгө байланыштуу токтотулган. Июль айында Женевада кармалган өзбекстандык 2 шектүү адам камакта кала берүүдө. Алар "Кока-Кола - Өзбекстан" компаниясында иштечү. Компанияга президент Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова ээлик кылат. Шектүүлөрдүн ысымдары атала элек. Тергөө документтеринде швециялык "ТелияСонера телеком" компаниясы да келтирилген. "Фергана ньюс" сайтынын маалыматына ылайык, Гибралтарда катталган өзбекстандык шерик компаниясына 320 миллион доллар которуу текшерилип жатат.

XS
SM
MD
LG