Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Александр Литвиненконун өлүмү кайра териштирилет


Орус атайын кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү кийинки жылдын башында кайра териштирилмей болду. Ал 2006-жылы Лондондо уулануудан көз жумган. Сот Роберт Оуэн мындай чечимди жаңы жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу кабыл алды. Алдын ала угууларда Британ өкмөтү полициядан маркумдун Британ атайын кызматы менен байланыштарын ачыкка чыгарбоону сураганы маалым болду. Кылмыш үчүн шектүү деп ФСБнин мурдагы агенти Андрей Луговой аталган. Орусия аны Британияга өткөрүп берүүдөн баш тартууда. Бүгүн орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич кошумча тергөө Луговойдун күнөөсүз экенин көрсөтөт деп ишенерин билдирди. Литвиненко 2006-жылдын 23-ноябрында полоний салынган чай ичкенден 3 жума өткөндөн кийин өлгөн. Ал чайды маркум Лондон мейманканаларынын биринде Луговой менен жолугушууда ичкен.

XS
SM
MD
LG