Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Тимошенко Батыш өлкөлөрүн Украинадагы демократияны коргоого үндөдү


Абакта отурган мурдагы премьер-министрдин кайрылуусун Вашингтондон кабарчыларга анын кызы Евгения Тимошенко окуп берди.

Кайрылуусунда Юлия Тимошенко Батыш өлкөлөрүн Украинадагы диктатура коркунучун алдыдагы парламенттик шайлоого чейин четтетүүдө жардам берүүгө чакырды.

Ал белгилегендей, эгер шайлоо президент Виктор Януковичтин бийлигин дагы чыңдаса Украинадагы демократиянын келечеги коркунучка кабылат.

Батыш өлкөлөрү Юлия Тимошенконун соттолушунун саясий жүйөсү бардыгын буга чейин бир нече ирет айтышкан.

Украинанын мурдагы премьер-министри Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG