Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

АКШ ЮСАИДдин ишин токтотуу үчүн Орусиядан көбүрөөк убакыт сурады


Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Виктория Нуланддын соңку билдирүүсүнө караганда, АКШ Орусияга жаңы келишимдер, жаңы программалар болбой турганын убада кылды, бирок миссияны токтотуу, иштеп жаткан программаларды аягына чыгаруу үчүн кошумча убакыт берүүнү да суранды.

Бирок Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевичтин айтымында, Москва “чечим кабыл алынды, суверендүү өлкөнүн чечими аткарылышы керек” деген турумда турат.

Москва АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигин грант берүү аркылуу саясий жараяндарга, шайлоолорго таасир көрсөтүүгө аракеттенген деп айыптап, анын Орусиядагы мандаты 1-октябрдан тартып токтотулганын билдирген. Вашингтон шайлоолорго кийлигишет деген айыптоону четке каккан.

Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Филип Гордон бейшемби күнү “Азаттык” радиосуна Вашингтондон курган маегинде Орусиянын чечимин комментарийлеп, мындай деди:

- Биз алар ЮСАИД бир нече жылдан бери жасап келгенди улантып, ал нерселерге колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөбүз. Эгер алар "Чоң сегиздин" өлкөсү, экономикасы өнүккөн өлкө деген негизде аракеттенгиси келсе, бул максаттарды Кошмо Штаттарсыз эле колдой алышат. Биз алар муну жасоосун көргүбүз келет.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Орусияда акыркы жыйырма жылда демократияны, адам укуктарын колдоо жана башка багыттагы программалар үчүн 2,6 миллиард доллар сарптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG