Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Мотуев: Митингдин алдында милицияга чакырылдым


"Кыргызстандын чыныгы мусулмандар жамааты" деп аталган уюмдун башчысы Нурлан Мотуев милицияга чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мотуев өзү кабарлады. Анын айтымында, аталган уюм бүгүн Бишкектеги АКШ жана Франциянын элчиликтеринин алдына барып митинг өткөргөнү жатат. Мухаммед пайгамбарды мазактаган видеотасмага карата каршы пикирин билдирет.

"ИИМдегилер биздин уюмда жаштар радикалдуураак экенин көрүштү. Кимдир бирөөлөр биздин балдар элчиликти көздөй күйүүчү май толтурулган бөтөлкө ыргытат экен деген сөз таратыптыр. Бизде андай ниет жок. Кечээ ИИМдин 10-башкармалыгынын балдары төрт саттай кармап турду. Бүгүн бир сааттай Бишкек милициясына алып барышты. Койгула эми балдар, тынчтык болсун деп айтышты, анан коё беришти", - деди Мотуев.

Ички иштер министрлиги Мотуев милицияга чакырылганы чын экенин, аны менен жөн гана сүйлөшүү болгонун "Азаттыкка" билдирди.

"Коопсуздук маселесине байланыштуу болуп жаткандыктан митингдин уюштуруучулары менен анын максаты, кимдер катышаары тууралуу маалымат алууга биздин укугубуз бар. Буга мыйзам жол берет", - деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы. (RK)

XS
SM
MD
LG