Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Кочкордо жол оңдоп жаткан кытай жараны унаа кырсыгында мерт болду


Нарындын Кочкор районунда жол оңдоп жаткан кытай жараны унаа кырсыгында каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кырсык кечээ кечинде болгон. Кубаакы белинде Бишкек - Нарын - Торугарт унаа каттамынын болжол менен 162-165-чакырымында асфальт жүктөп келе жаткан HOWO үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Окуя болгон жерге Кочкор райондук Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу чыгып, айдоочунун сөөгүн алып чыкты. Мерт болгон адам Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолун оңдоп жаткан кытайлык фирманын жумушчусу, 1969-жылы туулган кытай жараны Ван Уви Хун экени аныкталды. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG