Кыргызстанда кан донору болууну каалагандардын саны соңку жылдары кыйла азайып баратканы байкалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт. Мисалы былтыр отуз миңдей адам кан тапшырган. Совет мезгилинде, мындан 25 жыл мурда жылына 180 миңдей адам донор болчу. Бүгүн өлкөдө донорлордун улуттук күнү белгиленип жатат. Атайын иш-чара Тарых музейинин имаратында уюштурулду. (RK)