Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Рыскулова: Күйөөсү өлтүргөн аял бизге жардам сурап кайрылган


Бишкекте ажырашкан күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аял ага чейин "Сезим" кризистик борборуна кайрылып, кызы менен чогуу реабилитациядан өткөн. Бул тууралуу бүгүн аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова журналисттерге айтып берди. Энеси кандай мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканын көргөн кызы азыр психологиялык жардамга муктаж болуп жатканы айтылды.

Ал эми маркумдун кесиптештери анын күйөөсү менен ажырашуу процесси бир нече айга созулганын, "мени өлтүрүп коё элегинде күйөөмдүн психикасын текшерип бергиле" деп кайрылганына карабай, сот кайра өзүн текшерткенин кошумчалашты.

Кандуу окуя ушул жуманын башында Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө катталган. Соттун ажырашуу боюнча чечими чыккандан кийин 52 жаштагы жаран аялын жана сотто күбө болгон анын кесиптешин атып, андан соң өзүн да атып өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG