Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Чехия Евробиримдикке арак-ликер экспорттоону токтотту


Евробримдиктин кысымынан улам Чех өкмөтү 21-сентябрдан тарта курамындагы алкоголу 20 проценттен күчтүү бардык спирт ичимдиктерин экспорттоону токтотту. Өткөн жума күнү Чехиянын дүкөн-ресторандарында бардык күчтүү спирт ичимдиктерин сатканга тыйуу салынып, 22 миллион литр арак, ликер, коньяк сыяктуу ичимдиктер сатуудан жыйналып алган. Мындай чарага барууга метанол спиртинен ууланып, 23 адамдын каза болгону жана 30 адамдын ооруканага жатышы негиз болду. Прага шаардык өкмөтүнүн билдиришинче, жаңы инспекция бүткөн соң келерки жумада күчтүү спирт ичимдиктери сатыкка чыгышы этимал. Орусия бийликтери коопсуздук чараларына байланыштуу Чехия, Польша жана Словакиядан бардык күчтүү алкогол ичимдиктерди импорттоого балким токтотулат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG