Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Грузияда түрмө былыктарына каршы нааразылык уланууда


Грузияда үч күндөн бери түрмө жетекчилерин жоопко тартууну талап кылган демонстрация өтүүдө. Ордо шаар Тбилиси жана башка шаарларда миңдеген адамдардын нааразылык акциясына чыгуусуна абактагыларды уруп-сабаган жана зордуктаган тасманын оппозициячыл телеканалдан көрсөтүүсү түрткү берди. Чатакка байланыштуу бейшемби күнү Грузиянын ички иштер министри Бахо Ахалая кызматтан кеткен. Президент Михаил Саакашвили тасма ашкере кылган зобун-зордуктарга абдан кыжырданганын айтып, жарандарды бул окуяны саясий оюн үчүн пайдаланбаганга чакырды.

Видеотасма менчик телеканалдан парламенттик шайлоого бир апта калганда көрсөтүлгөн. Башкаруучу партия шайлоодо миллиардер Бидзина Иванашвили башындагы оппозициячыл коалицияга мандаттардын көбүн алдырып койот деп боолгошот айрым серепчилер.

XS
SM
MD
LG