Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү башталууда


Бүгүн кечинде Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш салтанаты болот. Москвадан кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызынын кабарлаганына караганда, иш-чара Союздар үйүнүн колонна залында өтөт. Кыргызстандын маданият күндөрү ушул имаратта өтүп жатканына кыргыз тарап да, орус тарап да чоң маани берүүдө.

Маданий акцияга Кыргызстандан 65 киши катышууда. Алардын арасында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, “Ак марал” бийчилер тобу, “Акак” комузчулар тобу, акындар, манасчылар жана опера, балет, цирк артисттери бар. Делегацияны маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов баштап барды.

Акциянын алкагында Калуга шаарында “Этнодүйнө” көргөзмөсү өтөт.

Кыргыз мамлекеттик цирки менен Москвадагы Никулин циркинин ортосунда кызматташтык протоколу кабыл алынып, быйыл жана эмки жылы москвалык цирк өнөрпоздорунун алты гастролу уюштурулмай болду.

1998-жылдан бери эки өлкөнүн ортосунда бул сыяктуу маданий акция уюштурула элек болчу. Ал эми кыргыз маданият ишмерлеринин айтылуу декадасы Москвада 1939-жылы өткөн. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG