Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Нарында жер титирөө катталды


Нарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Очогунда күчү 5 баллга жеткен силкинүү Кытайда катталды. Нарын шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан Чатыр-Таш айылында сезилди. Ал жерде жердин титирешинин күчү 2,5 балл болду.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. (RK)

 

XS
SM
MD
LG