Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Пакистандагы тополоңдо 16 киши набыт кетти


Пакистанда АКШда тартылган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына жана Франциянын журналында Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап тарткан карикатурага каршы демонстрациялар учурунда 16 адам набыт болду.

Түштүктөгү Карачи шаарында демонстранттар менен полициянын кагылышынан кийинки атышууда 12 адам, анын ичинде бир полициячынын каны төгүлдү. Түндүк батыштагы Пешавар шаарында демонстранттар Соода палатасына таандык эки кинотеатрды өрттөп жиберишти. Калабада үч киши набыт болду. Өлгөндөрдүн арасында тополоңду тартканы барган ARY телеканалынын шопуру да бар.

Равалпинди шаарында жаалданган адамдар автомобилдерди жана полицияны таш бараңга алышты, машинелерди текшерчү пунктту өрттөп салышты.

Лахор, Карачи, Исламабад шаарларында демонстранттар АКШ жана Франциянын дипломаттык миссиялары жайгашкан имаратты кайтарган полиция күчтөрүнө кол салып, кагылышуу болду.

XS
SM
MD
LG