Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:28

Тоо-кен иштетүүгө бут тоскон 10 факт катталган


Өткөн жылдан бери тоо-кен иштетүүгө каршы чыгып, жол тоскон, митинг уюштурган же башка жол менен нааразылыгын билдирген 10 факт катталган. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинен билдиришти. Бирикменин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, буга тоо-кен тармагындагы башкаруунун начардыгы, кенди иштетүүгө берүүдө ачык-айкындыктын жоктугу жана эл арасында маалыматтын жетишсиздиги себеп болууда.

Иштетүүгө даяр Иштамберди, Андаш, Жерүй, Алтын-Жылга, Кумбел жана изилдениш керек болгон Жетим-Тоо, Малаташ, Караказык кендери элдин кийлигишүүсү менен токтоп турат деп айтылат маалыматта. Орозбек Дүйшеевдин айтымында, социалдык абалдын начардыгынан эл ишкерлердин айрым шарттарды түзүп беришин талап кылууну адат кылып келатат.

Ушул жылдын 28-августунда 12 кенди инвесторлорго берүү үчүн өткөрүлүп жаткан аукцион үзгүлтүккө учураган. Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү түз эфирдеги аукционду токтотушкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG