Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Вашингтондо АКШнын парламент өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Делегацияга кирген депутаттар Асылбек Жээнбеков, Алмазбек Батырбеков, Токон Мамытов, Абдырахман Маматалиев, Зайырбек Жоошбеков, Динара Исаева, Акылбек Эшимов АКШ конгрессмендери менен бул өлкөдө өтө турган президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүштү. Андан сырткары парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.
Кыргыз делегациясы 20-сентябрда АКШнын Сенат президентинин милдетин аткаруучу Дэннел Иноуи жана АКШ президентинин атайын жардамчысы Элис Уэльс менен жолугушту. (AKu)
Кыргыз делегациясы 20-сентябрда АКШнын Сенат президентинин милдетин аткаруучу Дэннел Иноуи жана АКШ президентинин атайын жардамчысы Элис Уэльс менен жолугушту. (AKu)