Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


23-24-сентябрда Кемин өрөөнүндө, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы -2 ... 0 градуска чейин төмөндөйт.

Аба ырайы

23-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көлдө шамалдын ылдамдыгы 15-20 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, түндүк тарабынын айрым жерлеринде -2 ... 0 градус, күндүз +18...+23; Талас облусунда түнкүсүн +0...+5, айрым жерлерде -2 .. 0, күндүз +16...+21; Баткенде түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27 градус; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27; Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19; Нарында түнкүсүн +0...+5, айрым жерлеринде -2 .. 0, күндүз +15...+20 градус; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз +11...+16; Тоолордо түнкүсүн -5...-10, ал эми күндүз -1...+4 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +21...+23 градус болот.

XS
SM
MD
LG