Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Түркияда сот төңкөрүш аракети үчүн 300дөн ашык офицерди эркинен ажыратты


Түркияда сот жума күнү премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн кулатуу үчүн кутум уюштурган деген кине менен 330 чакты армия офицерин соттоду. 2003-жылда уюштурулган деп ырасталган төңкөрүш аракетине байланыштуу Сот үч экс-генералды, анын ичинде аба жана деңиз күчтөрүнүн мурдагы жетекчилерин өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. 320дан ашык дагы башка отставкадагы же иштеп жаткан офицерлер ар түрдүү мөөнөттөргө, айрымдары 18 жылга кесилип кетти. 34 киши акталып чыкты. Айыпталуучулар бул кутум эмес эле, пландалган машыгуу болгондугун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG