Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Голландияда Фейсбук аркылуу жарыяланган отуруштан уруш чыкты


Жумадан ишембиге караган түнү Фейсбукта жарыяланган туулган күн отурушуна 3 миңдей киши келгенде чыккан мушташ полиция тарабынан басылды. Кабарларга караганда алты киши жараат алса, үчөөнүн абалы оор. Голландиянын чакан Харен шаарындагы окуяда үй да талкаланды. Туулган күнүн өткөрө турган кыз аз эле тааныштарын чакырмак экен, бирок Фейсбуктагы жарыясын жеке отуруш деп белгилегенди унутуп калгандыктан, анын чакыруусу улам тарап отуруп, 20 миңдей кишиге жеткен.

XS
SM
MD
LG