Бул сунуш аталган өлкөлөрдөгү америкалык буталарга кол салуулардан кийин киргизилген эле. Жума күнү АКШнын администрациясы Исламабаддагы америкалык элчиликти демонстранттардан коргоп калганы үчүн Пакистанга ыраазычылык билдирди. Жума күнү анти-исламдык тасмага жана Францияда жарык көргөн Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган карикатураларга байланыштуу Пакистанда он миңдеген киши нааразылык акцияларына чыкканда бери дегенде 16 кишинин өмүрү кыйылды. Бүгүн ошондой эле Бангладеште анти-исламдык тасмага нааразы болгон жүздөгөн киши полиция менен кагылышты.