Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

"Алтын-Кен" 2014-жылы ишке кирет


Талды-Булак сол жээк кенинде даярдыктарды жүргүзүп жаткан “Алтын-Кен” жоопкерчилиги чектелген уюму 2014-жылдын биринчи жарымында алтын каза баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси айтканын өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анда 1000ден ашык жумуш орду түзүлмөкчү. Талды-Булакта алтындан сырткары күмүш жана күкүрт да казылып алынат. Изилдөөлөр боюнча алтындын көлөмү 78 тоннага жакын. Жергиликтүү калк 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. 2011-жылы сатып алган Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG