Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Кыргыз акыйкатчысы Оттавада


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Канаданын борбор шаары Оттавада өтүп жаткан укук коргоочулардын форумуна катышууда. Акыйкатчы аппаратынан билдиришкендей, бул форумда КМШ өлкөлөрүнөн бир гана Кыргызстандын өкүлү барды.

Эл аралык жыйында Турсунбек Акун сөз сүйлөөрү айтылууда. Ал Кыргызстандан 21-сентябрда учуп кетти.

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция өткөн. Август айынын аягындагы бул эл аралык иш-чарага ондон ашуун өлкөнүн укук коргоочулары келген. (AKu)

XS
SM
MD
LG