Ливияда бийликтер мамлекеттин көзөмөлүнө кирүүнү каалабаган куралдуу топторду таркатуу чечимин жарыялады. Жарыяны кечээ кечинде Ливиянын улуттук жыйынынын төрагасы Мохаммед ал-Мегариф жасады. Бийликтер ошондой эле армияны жана ички иштер министрлигинин күчтөрүнө экс-согушкерлерди башкарган коргонуу министрлигин кошууну чечти. Кечээ эки исламчыл топ куралдарын таштап, өлкөнүн чыгышындагы Дерна шаарындагы базаларынан чыгып кеткендигин жарыялашкан. Мунун алдыңкы күнү ушул эле аймактагы Бенгази шаарынын тургундары исламчыл экстремисстерге каршы көтөрүлгөндө, аз дегенде 10 кишинин өмүрү кыйылган эле.