Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Пакистан премьери: режиссердун башына акча сайылышы өкмөт саясаты эмес


Өз министринин «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасын тарткан кишинин башына 100 миң доллар сайышына байланыштуу Пакистандын өкмөт башчысы билдирүү таркатты. Премьер-министр Ража Первез Ашрафтын маалымат катчысы АФП агенттигине «Бул окуяга биздин таптакыр тийешебиз жок» деди. Темир жолдор министри Гулам Ахмед Билур кечээ аталган режисерду ким өлтүрсө 100 миң доллар берээрин жарыялаган. Билур колунан келсе «ал жексурду» өзү өлтүрмөк экендигин кошумчалаган. Акыркы эки аптада Пакистандагы толкундоолордон улам 23төй кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG