Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Лукашенка Батыш менен алака жакшыраарына үмүттөнөт


Беларустун президенти Александр Лукашенка бүгүн журналисттерге парламенттик шайлоодон кийин «Эми Батыш менен алака жакшырат» деген үмүтүн билдирди. Минскиде добуш бергенден кийин президент эл аралык шайлоо байкоочуларына «Шайлоону Беларустагыдай ачык жана акыйкат өткөрүүгө үйрөнгүлө» деди.

Саясий айыпкерлерди бошотууну талап кылган эки оппозициячыл партия шайлоого катышуудан баш тарткан. Шайлоо комиссиясынын төрайымы Людмила Ермошина шайлоочулардын катышы 67 пайыз болот деген божомолун билдирди. Добуштардын 26 пайызга чукулу өткөн аптада эле берилген болчу.

XS
SM
MD
LG