Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Ирандын экс-президентинин кызы алты ай абакта болот


Экс-президент Акбар Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаиза Хашеми алты айлык жаза мөөнөтүн өтөй баштады. Фаиза Хашеми быйыл январда элди өкмөткө каршы үгүттөөдө деп жарым жылга абакка кесилген. Ал жекшемби күнү Лондонго барып келгенден кийин камакка алынып, түрмөгө отургузулду. Фаиза ханым боюнча сот өкүмү маалыматка караганда, экс-президент атасы киришкенден улам аткарылбай турган.
Фаиза Хашеми Иран парламентинин мурдакы мүчөсү, мурда Аялдардын спорт федерациясын да жетектеген. Аялдардын укугун коргогон таанымал адвокат.
Сот Фаиза Хашеминин беш жыл бою саясый, маданий жана журналисттик иштерге аралашуусуна да тыйуу салган.

XS
SM
MD
LG