Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Жалал-Абадда чечекке каршы эмдөөдөн 1700дөн ашык кой өлдү


Жалал-Абаддын Сузак районунда Өзбестандан алынып келген дары сайылган 1733 баш кой өлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Жумабек Аскаров кабарлады.

Аскаровдун айтымында, 8-сентябрда жеке чарба ээлери койлорун Өзбекстандан алынып келген чечек оорусуна каршы дары менен эмдеген. 14-сентябрда эмделген койлор жапырт өлө баштаган. Ал эми облус аймагында дал ушул вакцина 1960 баш койго сайылган.

Жалалабаддык тургундун ветеринардык дарыканасы саткан 3600 доза вакцина Өзбекстандан алып келингени айтылууда.

Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук диагностикалык борбордо өлгөн койлордон алынган патологиялык материалдар текшерилгенде эч кандай жугуштуу оору аныкталган жок.

Бул боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектеген республикалык штаб иштеп жатат. Учурда атайын тапшырма менен аталган аймактар көзөмөлгө алынып, койлорго ветеринардык жардам көрсөтүлүп, койлор турган, союлган жана өлүктөрү көмүлгөн жерлер дезинфекциядан өткөрүлүп жатат.

Бул маселе өткөн жумада парламентте да көтөрүлгөн. Анда депутат Өмүрбек Текебаев сапатсыз вакцина саткан адам качып кеткенин айткан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG