Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Конституциялык палатанын судьялары тандалууда


Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сот алдындагы Конституциялык палатанын судьялыгына арыз берген 29 талапкерди 2-турга өткөрдү. Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, Анарбек Кайназаров менен Темиркул Тейишов аттуу эки талапкер берген документтериндеги мүчүлүштүктөрдөн улам өтө алышкан жок.

Эми тандоонун 2-туру 1-октябрдан тарта башталат. Анда талапкерлер укуктук темада дил баян жазып, аңгемелешүүдөн өтүшөт. Ал эми үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандалат.

Сотторду тандоо кеңеши жалпы үч бөлүктөн турган сынактын алкагында 9 талапкерди тандап, президенттин, андан соң парламенттин кароосуна жиберет. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG