Кытай Компартиясынын Борбордук комитетинин саясый бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Чжоу Юнкан ишемби күнү Кабылга төрт сааттык сапарга барып, Ооган президенти Хамид Карзай менен кездешип кайтты. Юнкан акыркы жарым кылымга жакын аралыкта Ооганстанга расмий визит менен барган Кытайдын биринчи мартабалуу жетекчиси экенин Кытай маалымат булактары кабарлашты.
Чжоу Юнкан Борбордук Комитетте коопсуздук жана юридикалык иштерди тейлет. Чжонун “Эки элдин фундаменталдык кызыкчылыктарына ылайык, Кытай жана Ооганстан региондогу тынчтыкка, туруктуулукка жана өнүгүүгө ыңгайлуу стратегиялык жана кооперациялык өнөктөштүктү бекемдейт”,- деген сөзүнө булактар көңүл бурушту.
Маалыматка караганда, акыркы жолу Кытай жетекчилеринен Ооганстанга 1966-жылы ал кездеги өлкө президенти Лю Шаоци барган.