Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Жалал-Абадда карантин бекеттер коюлду

Бул тууралуу ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары Курсан Асанов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, милиция “Эпизоотия” деген план түзүп, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Аксы райондорунда 7 карантин бекет орнотулду. Милиция кызматкерлеринен турган ыкчам топтор түзүлдү.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн 1,7 миңден ашуун баш кой өлдү. Эмдөө үчүн дарыны Жалал-Абаддын бир тургуну Өзбекстандан алып келип таратканы айтылууда. Учурда бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө уланууда. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG